Район жөнүндө

  1. Аксы району тууралуу жалпы маалымат.

Аксыйский район — Википедия

Аксы району - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун административдик бирдиги, административдик борбору - Кербен шаары. Аймактын аянты – 3500 кв. км.

Район облустун борбору - Жалал-Абад шаарынан түндүк-батышка карай, деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте, Фергана өрөөнүнүн түндүк чет жакасында жайгашкан. Аксы району Өзбекстан Республикасынын Наманган облусу менен чектешет. Аксы районунун Өзбекстан Республикасы менен чек арасынын узундугу 142 км түзөт. Чек ара соодасын өнүктүрүүнүн олуттуу келечеги бар.

Кыргыз Республикасынын ички чек аралары боюнча Аксы району түндүк батышта Талас облусу менен, түндүк-чыгышында Токтогул району, түштүк-батышында Ала-Бука району жана түштүк-чыгышында жана чыгышында Жалал-Абад областынын Ноокен району менен чектешет.

Аксы районунун калктуу конуштарынан республикалык маанидеги Бишкек-Ош автомобиль магистралына чейинки аралык 30-150 км түзөт. 

Аксы районунун курамына Кербен шаары жана 6 айыл аймагы (Кара-Камыш, Сары-Челек, Ак-Жол, Уч-Коргон, Ак-Суу, Кош-Дөбө) кирет, аларда 140003 адам жашайт. 

Аксы районунун экономикасы төмөнкү чөйрөлөрдөн турат: туризм онуктуруу менен келген туристерге органикалык мөмө-жемиштерди жана дарбыз коондорду өстүрүү, ошондой эле кара өрүктү кайра иштетүү/кургатуу түрүндөгү өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, анын ичинде асыл тукум мал өстүрүү сунуштоо.