Жарыялар
"ЖАШЫЛ МУРАС" -ЖАШЫЛ ТОКОЙГО АЙЛАНАТ

Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылы чыгарган "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу" максатында жарыялаган "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн улантуу менен Аксы районунун экологиясын сактоо жана жашылдандыруу максатында Аксы районундагы токой чарбалар жашыл массивдерди түзүү менен атайын бөлүнгөн жерлерди короолоп, көчөт олтургузуу иштерин жүргүзүп жатышат. Атап айтканда райондогу Аксы токой чарбасы Ринжит токойчулугун аймагынан 6 гектар жерге 2200 түп мисте көчөттөрүн олтургузушту. Өткөн жылдарда да токой чарба 46 гектарга жакын аят короолонуп, өзгөчө корукка алынган жапайы анжир, анар, жүзүм өскөн аянттар корукка алынып короолоп, көчөттөр тигилген эле. Быйыл ошол иштер улантылып 36 гектар аянт короолонмокчу, учурда 6 гектары короолонуп көчөттөр тигилди. Андан сырткары токой чарбанын күнөсканасында да көчөттөр өстүрүлүп керектүү аймактардын токой массивдерин толуктоого келечектүү иштер жүргүзүлүүдө.
Көчөт олтургузуу ишине 100 гө жакын токой чарбанын адамдары, айыл тургундары, жаштар катышышты. Бүгүнкү көчөт олтургузуу ишине Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрли гинин Жалал-Абад облустук өзгөчө баалуу дарактар башкармалыгын башчысы Автандил Кушбаков, Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков, акимдин биринчи орун басары Бердалы Мырзагулов катышып ишти баштап берип, мында келгендерге бул өзгөчө мааниси бар иштин келечеги жана токойду сактоонун мааниси тууралуу айтып беришип, ар бир жаран жыл сайын көчөт олтургузууга активдүү катышууга чакырды. Аксы
Мындай жакшы саамалык райондогу Авлетим токой чарбасынын токойчулары тарабынан да кызуу колдоого алынып бул күнү токой чарбанын Дейрес токой бөлүмүндө 5 гектар аянтка 730 даана көчөт олтургузулду. Авлетим токой чарбасынын токойчулары өткөн жылы 75 гектар аянттагы токой массивдерин жаш көчөттөр менен толукташкан. Учурда 134727 түп жаш көчөттөр өстүрүлүп жатат. Жакынкы жылдарда бул көчөттөр да токой массивдерин толуктап, жаңы токой аянттарын пайда кылат деп ишенимдүү айтууга негиз бар.
Ал эми Аркыт токой чарбасынын Кызыл-Туу токойчулугунда да жаңы көчөттөрдү олтургузуу иштери кызуу жүрүп жаткан учур. Аркыт токой чарбасыны кызматкерлери быйылкы жылда 4600 түп жаңгак көчөттөрүн олтургузушмакчы. Токойчулар жаздын ар бир күнүн натыйжалуу пайдаланып иштеп жаткан учур. Демек президенттин "Жашыл мурас" өнөктүгү ишенимдүү колдоо таап жатат деп айтууга болот.