Жарыялар
“Жашыл мурас”: Аксыда 10 гектар жерге бадам көчөтү отургузулду

Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -акими Замирбек Сыдыков Аксыга жетекчи болуп келгенде эле биринчи пландарынын бири Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу Сары-Жайыкдын жер массивин өздөштүрүп, бул аймакты жашыл аймакка айландыруу максатын айтып жүргөн. Бирок, аймакта кендирди кескен көйгөй бул суу. Деги эле Ринжит өрөөнү сууга таңсык аймак болгондуктан кош-дөбөлүктөрдүн демилгесин колдоо алуу менен областтык өнүктүрүү фондусу менен айылдын жергиликтүү буюджетинин жана райондук өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен бургулоочу машина сатып алууга көмөктөшүп, эми эски скважиналарды тартипке келтирип , жаңы скважиналарды казуу иштерин башташты. Сугат сууну чыгаруу менен аталган дың жер массивин өздөштүрүүгө киришишти.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылы чыгарган "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу" максатында жарыяланган "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн улантуу менен Аксы районунун экологиясын сактоо жана жашылдандыруу менен жаратылышты сактоого ошону менен бирге эле кирешелүү тармакка айландыруу максаты алдыга коюлуп олтурат. Мындай демилгени Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев колдоого алып, бүгүн Сары -Жайыкта 10 гектар аянтка тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу менен 6400 түп түшүмдүү жаңы сорттогу бадамдын көчөтүн олтургузуу демилгеси ишке ашып олтурат.
Акимдин билдирүүсүнө таянсак жакын арада бул жер короолонот жана тамчылатып сугаруу системасы орнотулат. Учурда скважина бургулоо иштерин баштады. Андан сырткары бул аймакка Аксы районундагы токой чарбалар жашыл массивдерди түзүү максатында атайын бөлүнгөн жерлерди короолоп, көчөт олтургузуу иштерин жүргүзүп жатышат. Атап айтканда райондогу Аксы токой чарбасы Ринжит токойчулугун аймагынан 3 гектар жерге 2200 түп мисте көчөттөрүн олтургузушту. Көчөт олтургузуу ишине 100 жакын токой чарбанын адамдары, айыл тургундары, жаштар катышышты. Өткөн жылдарда да токой чарба 10 гектарга жакын аят короолонуп, өзгөчө корукка алынган жапайы анжир, анар, жүзүм көчөттөрү тигилген эле. Быйыл ошол иштер улантылып жатат. Ошондой Авлети токой чарбасы Дейрес токойчулугунан 5 гектар жерди короолоп 2116 түп жаңгак көчөт олтургузушту. Токой чарбалардын күнөсканаларында да көчөттөр өстүрүлүп, керектүү аймактардын токой массивдерин толуктоого келечектүү иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү ишке да райондогу Аркыт токой чарбасы 6400 түп бадам көчөттөрү менен камсыз кылып берди.
Ал эми бул жерге скважина менен суу чыгарууга жана короолоп тосууга, тамчылатып сугаруу системасын орнотууга облустун губернатору 1 миллион сом, ал эми Аксы районунун акими 2 миллион сом жергиликтүү өнүктүрүү фондусунан каражат бөлүнүп бериле тургандыгын билдиришти. Демек келечекте Сары -Жайык массиви жашыл жайыкка массивине айланат деп айтууга толук негиз бар.
Көчөт олтургузуу ишине райондук бардык мекеме ишканалардан, айыл аймактардан, кесипчилик окуу жайлардан 600гө жакын адамдар, ал эми Кош-Дөбө айыл аймагынан 200 адам өз демилгелүү барып кол кабыш кылышты. Сары-Жайыктагы бул иш чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жетектеген райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери келип катышышты жана көчөттөрдү жакшы тилектер менен олтургузушуп баштап беришти. Аземде Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Апсаттар Сыргабаев, Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Улукбек Керимкулов жана Аксы райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыкайым Өмүрбеков сөз сүйлөшүп Сары -Жайыктын келечегине кеңири токтолушуп, мындай демилгени колдоого алган элге ыраазычылыктарын билдиришти. Ошентип келечектеги жашыл өрөөндү көздөй алгачкы кадамдар шилтенди.