Жарыялар
“Жашыл Мурас” Улуттук компаниясы

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 31-январындагы № 17 “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, “Жашыл Мурас” Улуттук компаниясын ишке ашыруу үчүн жарандардан, юридикалык жактардан, мамлекеттик органдардан, коомдук уюмдардан, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн ыктыярдуу түшкөн каражаттарды топтоону камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде атайын эсеп ачылгандыгын маалымдайбыз.
Эсеп: 4402011102016445 – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги – “Жашыл мурас”.