Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Аксы окуясында курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 17-март күнү, Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылы орун алган коогалаңда каза болгондор эскерилди. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Замирбек Сыдыков, район тургундары жана каза болгон жарандардын жакындары катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн облус жана район жетекчилери Аксы окуясы өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолунда адилетсиздикке каршы жалпы элдик көтөрүлүштүн башаты катары бааланарын белгиледи. Ошондой эле өлкө бүтүндүгү, элдин эркиндиги үчүн өз жанын аябаган аксылыктардын эрдиги эч качан унутулбастыгын айтышты.

Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө маркумдардын элесине арналып орнотулган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.

Эске салсак, 2002-жылдын 16-17-март күндөрү орун алган Аксыдагы коогалаңда 6 киши окко учуп, 20дан ашууну жараат алган.