Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Аксы району боюнча 3 айлыктын алкагында райондун аймагында 16-март күнү жалпы ишембилик башталды

Аксы районунун аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу жөнүндө” 2024-жылдын 27-февралындагы №52-б сандуу буйругу чыгарылып 3 айлык жарыяланган.

Жарыяланган 3 айлыктын алкагында райондун аймагында 16-март күнү  жалпы ишембилик өткөрүлдү.

Ишембилике райондук бардык мекеме ишканалардын кызматкерлери, айыл аймактардын аппарат кызматкерлери  катышышып, трассадагы жол жээктериндеги, мекеме-ишканалардын айлана тегереги  таштандылардан тазаланып, ишембилик жогорку  уюшкандыкта өткөрүлдү. 

 Баардык мекеме жетекчилерин жана айыл өкмөт башчыларын, райондун тургундары айланабызды таза кармоого, жолдо баратып таштанды таштабоого чакырабыз.