Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Аксы районунда жайгашкан №53 Кесиптик лицейдин материалдык техникалык базасы жакшырууда

 Аксы районунун Сара-Челек айыл аймагындагы  №53 кесиптик лицейи материалдык техникалык базаны чыңдоо максатында Жалал-Абад өнүктүрүү фонду тарабынан 1 500 000 сомдук ашкана жабдыктарды алып, окуу жайдын жана кызматкерлердин аракети менен 216 м2 ашкананын курулуш иштерин баштаган, учурда жумуштар аяктап калды. Жалпы окуу жайдын өздүк каражаты жана демөөрчүлөр эсебинен курулуш материалдары сатып алынып, курулуш иштерине толугу менен окуу жайдын кызматкерлери иштешти. Ичтерине таза суу киргизилип, ысык суу, канализациялары, электр тогу жок учурунда иштетүүчү очоктору, тамак аш сактоочу кампа, ашпозчулар кийим алмаштыруучу кана жана жылытуу системасы үчүн от канасы менен курулду. Учурда ички иштери толук бүтүп, пайдаланууга берилип жаңы 2023-2024 окуу жылына “Ашпозчу, кондитер” кесиби ачылып, 25 окуучу окуп жатат.

 

“Тигүүчү, бычмачы” жана “Программалык камсыздоону иштеп чыгуучу” кесиптеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду аркылуу 1 577 800 сомдук жабдууларга даярдалган долбоор колдоого алынып, жабдуулар толугу менен сатылып алынган. 2023-2024 окуу жылына “Программалык камсыздоону иштеп чыгуучу” кесиби ачылып, 25 окуучу окуп жатат. 

 

Кесиптик лицей кошумча айдоочулардыда даярдагандыктан, лицензиялык талаптарга ылайыктоо максатында автоунааларды айдап үйрөнүү аянтчасын, окуу жайдын кызматкерлеринин жардамы менен коргондоп, ичине жол кесилиштери, айланма жол, жол чырактары, жол белгилери жасалган. Андан сырткары эскилиги жетип рамасы калган Газ 53 автоунаасына 60000 сом жумшалып толук капиталдык ремонттон чыгып, пайдаланууга берилди. Мындан сырткары Кызыл-Туу айылынын Беларус 82,1 эксковатор-погрузчик тракторун окуу жайга окутуп үйрөтүү максатында өткөрүлүп алынган.

 

Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими З. Б. Сыдыковдун тапшырмасы менен окуу жайдын ширетүүчү устаканасында мусор салуучу контейнерлер жасалып, Кызыл-Туу айыл аймагына жана Сары-Челек көлүнүн жээгине пайдаланууга берилди.