Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Аксы районунун акими Максатбек Саргазаковдун айыл аймактарды кыдырып эл менен жолугушуулары уланууда
Бүгүн, 2026-жылдын 29-январь күнү Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Максатбек Саргазаков Ак-Жол жана Кара-Камыш айыл аймактарынын тургундары менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында төмөнкү маселелер талкууланды:
Айылдардагы инфратүзүмдү жакшыртуу (жол, таза суу, жарыктандыруу, жайыт, туризм, ж.б.);
Социалдык объекттердин абалы жана курулушу;
Айыл чарбасы жана сугат суу көйгөйлөрү;
Жергиликтүү тургундардын жеке суроо-талаптары.
Аким ар бир суроого кеңири токтолуп, жеринде чечилүүчү маселелер боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Ал эми убакытты талап кылган көйгөйлөр көзөмөлгө алынып, планга киргизилмей болду.
Эл менен түз диалог түзүү — аймакты өнүктүрүүнүн башкы кадамы! 


