Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Аксы районунун тиш дарылоо бөлүмдөрү заманбап стоматологиялык жабдуулар менен толукталды

Аксы районунун жалпы дарыгердик практикалык борборуна караштуу Кербен шаарында, Жерге-Тал айылында жана Ак-Жол, Кара-Жыгач айыл аймактарынын тиш дарылоо бөлмөлөрү заманбап стоматологиялык бор машиналар, акыркы үлгүдөгү бардык комплектациялары менен камсыздалды.
Берилген стоматологиялык жабдуулар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т.Шакиев тарабынан демилгеленип, Hippocrates (Хиппократес) Коомдук кайрымдуулук фондунун жардамы менен Корей Христиан медициналык өнөктөштүгүнүн демөөрчүлүк эсебинен алынып келинди.
Аталган иш-чарага Hippocrates (Хиппократес) Коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлү Ли Жухванг, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасынын кеңешчиси Э.А.Арыкбаев, Аксы районунун акими З.Сыдыков жана айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү тургундардын катышуусунда өткөрүлдү.
Иш-чара төрт айыл аймакта өткөрүлүп, Коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлү Ли Жухванг мырзага район акими Аксы элинин атынан терең ыраазычылык билдирип, сыйлоо барактары тапшырылып, жылуу каалоо тилектер айтылды.