Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Аксыда 50 орундуу тигүү цехи ачылды

Аксы районунун Кербен шаарында 50 орундуу “Нур Ай” тигүү цехи ишке киришти. Долбоор жеке ишкер тарабынан демилгеленип, Кербен шаардык мериясы менен биргеликте Аксы райондук өнүктүрүү фондуна кайрылган, долбоор жактырылып райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 2 365 000 сом (эки миллион үч жүз алтымыш беш мин сом) каражат бөлүнүп берилген.
Бүгүн “Нур Ай” тигүү цехинин ачылыш аземи болуп, районубуздун акими З.Сыдыков, Кербен шаарынын вице мэри, Э.Артыкбаев, райондук жетекчилер, шаардык кенештин депутаттары жана жергиликтүү тургундары катышышты.
Бүгүнкү күндө “Нур Ай” тигүү цехи ишке киришип 50 жумуш орун түзүлдү, ишкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, келечекте жумуш орундарын көбөйтүп тигүү фабрикасына айланууну каалайт.
Учурда тигүү цехинде чоң көлөмдө мектеп формаларын, окуучулар жана мугалимдер үчүн атайын буйрутманын негизинде сапаттуу жана ыңгайлуу баада даярдалууда