Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги

Аксыда “Ордо” оюну боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги өтөт

2024-жылдын 6-9-май күндөрү Аксы районунун Кербен шаарында “Ордо”  оюну боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги өтөт.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене-Тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын “Ордо” оюну боюнча федерациясы менен биргеликте өткөрүү боюнча макулдашылган.

“Ордо” оюну Улуттук оюндарынын эң байыркысы болуп, кылым карытып, муундан-муунга улуттун улуулугун даңазалап, мекенди сүйүүгө, кара кылды как жарган калыстыка, элди биримдике чакырууга зор салым кошуп келген. 

Мелдеш жаштар арасында ден-соолукту чыңдоо жана спорттук нормаларды толтуруу, жаштарды мекенчилдике үндөп, улуттук оюндарыбызды көздүн карегиндей сактап келечек муунга мурас катары өткөрүү максатында уюштурулууда.

Мелдешке 7 облустун жана Бишкек, Ош шаарларынын курама командалары катышат.

Катышуу үчүн суроолор болсо райондук спорт инструктор Асанов Бакыт 0995 077 080 кайрылсаныздар болот.