Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги

НАМАНГАНДАН ГҮЛ ДЕСТЕ, ШАЙЫР КАЛКЫ ЫР ДЕСЕ, ТУУГАНДАРДА ЫР КЕСЕ

 Кыргызстан Өзбекстан достук байланышынын алкагында Наманган облусунун эли менен Жалал-Абад облусунун дем алган абасы, ичкен суусу ,кылган базары, койгон мазары бир болуп илгертеден коюн колтук алышып бир тууган болуп келишкен. 

Өткөн жылдын акырында Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жетектеген бир топ жетекчилер Наманган облусунда болуп тажырыйба алмашышып достук байланыштар боюнча меморандумга кол коюшкан. Мына ошол муморандумдун негизинде бүгүн Аксы районунда Наманган областтык музыкалуу драма театрынын 13 мыкты Өзбекстанда белгилүү артисттери чон программадагы концерти менен Аксы районунун Кербен шаарына келишти.

 Меймандарды Аксы эли, маданият кызматкерлери, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин биринчи орун басары Бердалы Жумабеков,  аксакалдар жана аялдар кеңешинин өкүлдөрү чоң сплтанат менен тосуп алышты. Абдыкерим Алымов атындагы маданият үйүнүн алдында меймандарды кыргыздын ыр бийлери менен күтүп, концерт сырттан эле шаңдуу башталды. Маданият үйүнүн чоң залында Кыргыз-Өзбек элинин достугу тууралуу кеңири сөз болуп, эстелике белектер тапшырылды. 

Өзбекстандык өнөрпоздор өз өнөрлөрүн ыр бийлери менен шаңдуу башташты. Өзгөчө Өзбекстанда кызмат көрсөткөн артисттер Камиджан Маллабаев, Өзбекстанга кызмат көрсөткөн театр жана кино актриса Мехирханум Абдуллаева аткарган ыр бийлер кол чабуулар менен коштолуп турду. Жаш артисттердин чеберчиликтери мында келгендерди кайдыгер калтырган жок. Намангандык мыкты таланттарга элдин атынан акимдин биринчи орун басары Бердалы Мырзагулов, ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыкайым Өмүрбеков, аялдар кеңешинин төрайымы Гүлзат Койчубекова ыраазычылык билдирип, мындай шартты жаратып берген эки республиканын президенттерине терең ыраазычылыктарды билдирип, эки элдин достугу түбөлүктүү экендигине токтолушту.

 Ошентип достук концерти чон шаң менен өттү. Наманган областтык музыкалуу драма театрынын директору  Назимжан Ташполотов  Аксы районунун акимине жана элине терең ыраазычылык билдирип май айында Наманган шаарында өтө турган гүл майрамына аксылык таланттарды жана жалпы элди чакырып кетти.