19 июнь 2024
Кароолор: 31
“ КЕРБЕНДИН КЕЛЕЧЕГИ ЭСКЕ АЛЫНСЫН”

Алсак, 30 миңден ашуун калкы бар Кербен шаарында саркынды сууларды тазалоочу курулмалар эскирип, жараксыз абалга келген. Ага ылайык, атайын долбоор иштелип чыгып, 45 миң кишиге ылайык ташкан саркынды суу тутумун куруу мерчемделген. 5311 метрди түзгөн тутумду жана башка тиешелүү курулмаларды жасоого жалпы 115 млн сом каралган.
Төрага Нурланбек Шакиев инфаструктуралык долбоорлордун бардыгы келечекке багытталып, 5-10 жылдан кийинки жагдайды эске алуу менен иштелип чыгышы керектигин белгиледи.
”Кудайга шүгүр калкыбыздын саны өсүүдө. Бүгүнкү күнгө ылайыктап эле жасап кое турган болсок, 5 жылдан кийин ал жетишпей, кайра жаңысын курууга мажбур болобуз. Андыктан, алдын-ала эсептеп, келечекке карап курушубуз керек”, - деген Төрага жасала турган иштин сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле Төрага Кербен шаарынын кире беришиндеги арканын долбоору менен да таанышты. Эскерте кетсек, аталган арка быйыл белгилене турган шаардын 20 жылдык маарекесин утурлай ачылары күтүлүүдө.
Булак: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы