01 июнь 2024

Кароолор: 14

1-Июнь балдарды коргоонун эл аралык күнү. БАЛДАР ЖЕРДИН ЖАНДУУ ГҮЛДӨРҮ

Бал тамызып таттуу сүйлөмү, 

Шам чырактай жанып түндөгү. 

Күндүк өмүр кылым узарат ,

Күндү уялтып жаркып күлгөнү. 

 

Бар тарабы түгөл жүргөнү ,

Балдар жердин жандуу гүлдөрү. 

Тепеңдешип чуркап ойносо ,

Шаңдуу чыксын ырдап , күлгөнү.

 

Чынар болуп өссүн чырпыктан, 

Сакта кудай бөөдө кырсыктан. 

Балдар эркин өсүп жетилсин, 

Бакыт таап, бейпил тынчтыктан. Бул чыгарма жердешибиз, Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагына караштуу Тегене айлынын тургуну акын кызыбыз    Гүлнара Мырзаева таандык. Аталган ырга коментарий берүүнүн кажети деле жок деп эсептеймин. Анткени биз ата-энелердин баардык балага деген каалоо тилектери мына ушул үч үч бүктөм ырга камтылган. 1-Июнь балдарды коргоонун Эл аралык күнү Аксы районунун аймагында да кеңири майрамдалды. А түгүл турмуштун капшабына кабылган, ата-энеден эрте ажыраган уул-кыздарыбызга да мекеме ишканалар дын, айыл өкмөттөрдүн жетекчилери банкалык эсептерине эң аз дегени миң сомдон, алды 3 миң сомго чейин акча которуп беришип майрамдык белектерди беришти. 

Ал эми Кербен шаарынын мэриясы балдар күнүнө карата 15 миң сом акча карап, майрамдык  белектерди беришти. Шаардын борборундагы Чыңгыз Айтматов атындагы маданият сарайында шаардагы Сармат Качикеев атындагы орто мектептин чыгармачыл окуучулары чон программадагы шоу концертти, оюн зоок бийлерди тартуулашса, ошол эле учурда таланттуу балдар “Жергебизге тынчтык болсун” деген теманын алдында аянттагы асфальттын үстүнө сурөттөрдү тартышты. Ыр-Бийлердин жыйынтыгы чыгарылып, таланттарга баалуу белектер берилди. Майрам шаңы эс алуу багындагы балдар аянтчасында өттү.