23 октябрь 2024

Кароолор: 39

100 ЖЫЛДЫККА АРНАЛДЫ

 2024-жылдын 22-октябрында Кербен шаарындагы А.Алымов атындагы маданият үйүндө Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 100 жылдык мааракесине арналган “Жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо прокуратуранын ролу жана орду” аттуу интерактивдик лекция уюштурулуп өткөрүлдү.

Иш чарага Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын, билим берүү бөлүмүнүн, маданият бөлүмүнүн өкүлдөрү жана Аксы районунун Кербен шаарындагы №69 кесиптик лицей-мекемесинин, Кызыл-Туу айылындагы №53 кесиптик лицей-мекемесинин, Ж.Мавлянов атындагы №14 Кербен инновациялык лицей-жатак мектебинин, Ж.Бөкөнбаев,  Т. Үмөталиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептеринин окуучулары катышышты.

Иш чарада Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын тарыхы, бүгүнкү күндөгү ролу жана  аны түптөгөн жетекчилери тууралуу баяндалып, катышуучуларга “Прокурордун бир күнү” аттуу видео тасмасы көрсөтүлдү.