15 март 2024

Кароолор: 22

2024-жылдын 14-мартында Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагында Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким З.Сыдыковдун эл менен жолугушуусу болуп өттү

Сары-Челек айыл аймагындагы жолугушууга аймактын активи, жергиликтүү кеңештин депутаттары, коомдук уюмдар, (аксакалдар, жаштар, аялдар кенештери) жергиликтүү тургундар катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү маанидеги маселелер көтөрүлүп, айрыкча ичүүчү жана сугат суу, жол, айыл чарба үрөөнчүлүк, жазгы талаа иштери айтылды. Тургундар берилген суроолоруна жоопторун алышты.