08 май 2024
Кароолор: 27
"ДОСОНОВ" МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Аксы районунда Нурмамат Досоновду алтын колдуу хирург катары элдин баары жакшы таанышат. Ал урмат сыйга ак эмгеги менен жеткен адам. Кырк жылдан ашык бир жерде эмгектенип миңдеген операцияларды ийгиликтүү жасап, сакайтып адамдарды турмуш катарына кошкон адам. Аны менен эле чектелип калбастан жүздөгөн жаш кадрлардын сүйүктүү насаатчысы экендигин бүгүн аксы эли айтышты. Ардактуу эс алууда жүрсө да пенсиясын топтоп, уул- кыздары ата демилгесин колдоого алып, өзү туулуп- өскөн Кара -Камыш айыл аймагына караштуу Кара -Жыгач айылынын кире бериш жеринен эки гектар жер алып, медициналык борбор ачып, элине белек катары сунуп олтурат. Бүгүн Кара-Жыгач айылында миңге жакын адамдардын, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Замирбек Сыдыковдун, райондогу айыл өкмөт башчыларынын, райондогу медициналык кызматкерлердин, Ала -Бука районунан келген райондун акиминин биринчи орун басары Жанарбек Токтогуловдун катышуусунда "Досоновдун"медициналык борборунун ачылуу аземи болуп, Нурмамат Досоновка терең ыраазычылыктар билдирилди, ак баталар берилди. Белгилеп кетүүчү нерсе Нурмамат акенин үй- бүлөсү даргерлердин династиясы десек да болот. Өмүрлүк жары,уул-кыздары баары врачтар. Эми баары мына ушул жерден бир гана Кара -Камыш айыл аймагынын элине эмес, Аксы, Ала-Бука,Чаткал районун элине ар тараптуу медициналык кызматтар көрсөтүлөт. Анткени бул борборго акыркы үлгүдөгү медициналык техникалар менен жабдуулар алынып келинген, дасыккан адистер менен камсыз болгон. Бул жерде хирургия,терапия, урологдук, стоматологиялык кызаттар көрсөтүлөт. Жакында балдар бөлүмү да ачылмакчы. Медборбордун ачылышы бул аймакта жашагандардын көп жылдар күткөн тилеги болгон. Жыйында белгиленгендей беш жылдан бери үй-бүлөсү менен иштеп тапкан каражаттарын жебей- ичпей элиме бир кызмат кыла турган борбор ачып берсем деген тилеги бүгүн ишке ашып олтурат. Ачыгын айтыш керек беш жыл ичинде далай бут тосуулар болуп, баарына чыдап, куруп ачты. Эми бул жерде жаш кадрлар үчүн ондогон жумушчу орундар да түзүлдү. "Сизге чон рахмат НурмаматДосонов" дештимында келгендер. Аксакалдар ак баталарын беришти. Колдон келгендер колдоо иретинде салымдарын кошушту.
Келиңиздердартка даба издегендерди "Досонов" медициналык борборукүтөт.