26 май 2024
Кароолор: 24
АДАМДАР КООПСУЗ ЖАЙГА ЧЫГАРЫЛДЫ

Алдын ала маалымат боюнча: 2024-жылдын 25-май күнү саат 19:00дө катуу жааган жамгырдан улам Аксы районунун Кара-Камыш, Сары-Челек жана Үч-Коргон айыл сел жүрүп, турак жайларды суу каптады. Кара-Камыш айыл аймагынын Кезарт сел сайынан түшкөн сел суулары Кара-Жыгач-Кызыл-Көл жолунунун 6-чакырымында авто көпүрөнүн түбүнө батпай ашып өтүп, жолго сел калдыктарын үйүп, жол каттамы токтоп калган.
Ошондой эле Кезарт сайынан түшкөн сел калдыктары Кара-Суу дарыясын бөгөп калып, топтолгон суунун деңгээли жогорулап, бөгөп калган жер кайра ачылгандыктан, 6 турак-үйдүн жер төлөсүнө жана 1 кошумча курулуштун (времянка) ичине сел суулары кирип, 3 мал сарай кулап калган. кооптуулукту алдын алуу максатында Кара-Суу дарыясына жакын жайгашкан Кара-Суу айылындагы турак-үйлөрдөн адамдарды убактылуу эвокуациялоо иш-чаралары жүргүзүлүүдү.
Мындан сырткары Ийри-Булуң айылында Кезарт сайынан түшкөн сел калдыктары Кара-Суу дарыясын бөгөп калып, топтолгон суунун деңгээли жогорулап, бөгөп калгандыктан 4 турак-үйдүн ичтерине сел суулары кирип 1 турак-үйдүн ашканасына сел суулары кирген. Кооптуулукту алдын алуу максатында төмөн жагындагы Кара-Суу дарыясына жакын жайгашкан турак-үйлөрдөн адамдарды убактылуу эвокуациялоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кара-Суу айылынан 56 турак жай, Чарба айылынан 8 турак жай эвокуацияланып, жалпы 64 турак жайдан 250 адам туугандарынын үйүнө убактылуу айларга чыгарылды.