31 июль 2024

Кароолор: 25

АЭРОПОРТ АЧЫЛЫП САМОЛЕТ УЧАТ

“Манас эл аралык”аэропортунун төрагасы билдиргенине карганда жакында Кыргызстанда 3 аэропорт ачылып самолеттер уча баштайт. Чындыгын айтканда бул элдин көптөн күткөн тилеги. “Жакында  Нарын аэропорту бир ай ичинде ачылмакчы. Казарман жана Кербен аэропортторун оңдоо иштери бүткөн, аларды Нарындагы аэропорт менен чогуу бир учурда ачууну пландап жатабыз”, — деди “Манас эл аралык” аэропортунун төрагасы Манасбек Самидинов. Кербен аэропорту иштей баштаса Чаткал, Ала-Бука райондорунун элине да ыңгайлуу шарттар жаралат.