29 октябрь 2024
Кароолор: 17
АЙМЭЭРИМ АЛГАН СЫЙЛЫК 100 МИҢ СОМ! КУТТУКТАЙБЫЗ!!!

Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы Николай Иосифович Мешков атындагы орто мектептин окуучусу Аймээрим Абдиллаева УТРК тарабынан өткөрүлгөн “ТАЛАНТ ШОУ” долбоорунда эң мыкты 10 катышуучунун катарына кирип, 100 миң сом байгеге ээ болду. Аймээримдин бир ырына клип тарттыруу менен жаздыруу бекер. Аймээримдин мындай ийгилигине бүткүл аксылыктар кубанып, Аймээримге чың ден соолук, окууларына ийгилик каалап, ак баталарын берип жаткан учур. Аймээримди конкурска талантын таптаптаган, өнөр жолундагы мугалими, устаты Бермет Айдаркулова алып келген. Аймээрим ток шоудо Атай Огонбаевдин "Жаштарга" деген ыры менен катышты. Ал өзүнүн чеберчилигин комузда да, үн созуп аткарганда көрсөтүп, калыстар тарабынан калыс баасын алды.
Үч-Коргон айылында гана эмес бүткүл республикада “Айдаркуловдордун мектеби” таланттуу жаштарды тарбиялап чыгарган куттуу уясы болуп калды десек жаңылышкандык болбойт. Кыргыз эл акыны Рахматтулла Козукеев, таланттуу обончу Садыралв Абдыкерим, ырчы, обончу, төкмө-акын Айдаркуловалар мына ушул мектептен тарбия алып чыккандар.
Областтык “Акыйкат” газетасынын чыгармачылык жамааты Аймээрим Абдиллаеваны мындай жеңиши менен чын дилден куттуктап, мындан ары чыгармачылык байсалдуу сапар, окууларында ийгиликтерди каалайбыз. Жеңишиң кут болсун Аймээрим! Ийгиликтерди каалайбыз! Бул башталышы гана болсун!