26 ноябрь 2024
Кароолор: 19
АЙЫЛ ӨКМӨТТҮН СЫЙЛЫГЫН АЛЫШТЫ

Аксы районундагы Кара-Камыш айыл өкмөтү тарабынан К.Чекиров атындагы орто мектепте предметтик олимпиада уюштурулду. Олимпиада тарых, математика, информатика, орус тили жана адабияты, география, биология, химия, физика, англис тили,кыргыз тили жана адабияты предметтери боюнча өткөрүлдү.
Олимпиаданын максаты- окуучулардын предметтер боюнча жөндөмдүүлүктөрүн, кызыгууларын жана мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо,окуучулардын билгичтиктерин жана көндүмдөрүн текшерүү, таанып-билүү активдүүлүгүн активдештирүү жана кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүү менен билимдеринин сапатын жакшыртуу.
Жыйынтыгында 1-2-3- орунду багындырган окуучуларды жана олимпиадага даярдаган мугалимдерине Кара-Камыш айыл өкмөт башчысы Төлөгөн Султамуратов айыл өкмөтү тарабынан акчалай сыйлыктар жана Ардак громаталарды ыйгарды.