17 октябрь 2024

Кароолор: 52

АЙЫЛДАШТАРЫ АКЫНДЫ ЭСКЕРИШТИ

Төкмө акын, Кыргыз республикасынын эмгек синирген артисти, төкмө акын Ысак Барпиев Аксы районундагы Авлетим айылында төрөлгөн, көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка толмок, бүгүн айылдаштары Асан Кабаев атындагы орто мектепте акындын 90 жылдыгын чон азем менен белгилешти.

Салтанатка Аксы райондук Мамыт Абылкасымов атындагы билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Осмоналы Нурманбетов, акын- жазуучу Сыдык Аалы, Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти Кишимжан Мамытова, акындын уулу Уметалы Барпиев, Сары -Челек айыл аймагынын башчысынын орун басары Анарбек Осмоналиев катышты. Салтанатты мектептин директору Тынара Исабаева ачып сөздү Асанбек Кабаев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими 

Абдраимова Бактыканга берди: Эжеке  акындын өмүр жолу жөнүндө баяндама жасады. Асанбек Кабаев атындагы орто мектептин окуучулары акындын ырларынан көркөм окушту. Көркөм окууда окуучулар акындын жаратылыш, айыл турмушу, сүйүү темасындагы ырларына кеңири токтолушту . Андан соң акындын уулу Уметалиевге берилди. Акындын уулу Уметалы Барпиев атасынын өмүр жолуна кеңири сөз кылып, мектеп жамаатына  терең ыраазычылык билдирди. Акын-жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер Абдымомун Калбаев, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү  Сыдык Аалы , Аксы райондук Мамыт Абылкасымов атындагы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Осмоналы Нурманбетов, райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Жапар  Момунов, Сары -Челек айыл аймагынын башчысынын орун басары Анарбек Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти Кишимжан Мамытова, акын Турдубүбү Кубатбекова чыгып сүйлөшүп акындык асыл сапаттарына, өмүр жолуна кеңири токтолушту. Мектептин окуучулары акынга арналган рефераттарды жазышып, дубал газеталарды чыгарышып , акынды даңкташты. Салтанаттын акырында мектеп окуучулардын күчү менен даярдалган чоң программадагы концерти тартууланды.