30 ноябрь 2024

Кароолор: 23

АК-СУУЛУК ОКУУЧУЛАРГА АВТОБУС БЕРИЛДИ

Аксы районунудагы Ак-Суу айыл айиагында мектеп окуучулвары чон кубанычта болуп жатышат. Алар Ак-Сай айылынан айылдын борборундагы мектепке кыш күндорү өзгөчө кыйналып, 3 километрден ашык жолду  жөө жалаң каттап окуп келишкен. Эми бул түйшүктөн кутулушту. Ошондой эле кыштоолордон мектептке каттап окуган окуучулар да эми акысыз өздөрүнун автобусу менен каттап окуйт.  Анткени Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы  номер 712-т тескемесине ылайык "Евразия" эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү автономдуу коммерциялык эмес уюмунан Ак-Суу айыл аймагынын мектеп окуучуларын ташууга автобус акысыз өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бизге Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Канатбек Сулайманкулов билдирди.