25 май 2024
Кароолор: 16
АК-ЖОЛДО- АК ЖОЛ ТИЛЕШТИ

Матен Сыдыков атындагы орто мектепте өткөн Акыркы конгуроо салтанатына Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Бердалы Мырзагулов, Аксы райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчыс Осмоналы Нурманбетов, акын жазуучу Абдымомун Калбаев келип катышты. Акыркы конгуроо аземи Кыргыз республикасынын гимни менен башталды. Аталган мектепти быйыл туптуура 40 окуучу бүтөрүп алтын уясынан учуп жатышат. Бүтүрүүчүлөр мотурайган биринчи класстын окуучуларын жетелешип, мындан 11 жыл мурда дал ушундай элек деп мектеп эстафетасын тапшыруу максаты экенин айттырбай сезип турдук. Кандай кубанычтуу, кандай аянычтуу. Салтанатты мектептин директор Эсеналы Эшалиев куттуктоо сөз сүйлөө менен ачты. Быйылкы жылда мектепти 40 окуучу бүтөрүп жатышат. Мектепте 647 окуучу окуп, 40 мугалим билим тарбия берип келишет.