23 август 2024

Кароолор: 12

АКИМ ЖАШ БАЛБАНДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Алинур Жоробеков Кербен шаарынын тургуну, учурда 16 жашта, жаш балбан 7–класска чейин   Кербен шаарындагы Ж.Мавлянов атындагы лицей-жатак интернат мектебинде билим алган, андан кийин Россия федерациясынын Дагестан Республикасында окууга тапшырып, машыгууларын уланткан.

 

Алинур Жоробеков көптөгөнэл аралык мелдештердин женүүчүсү, жакындаболуп  өткөн Якутскшаарында (Саха-Якутия, Россия) VIII “Азия балдары”эл аралык спортоюндарында эркин күрөшоюну боюнча күмүшмедал алып келди.

 

Район акими спортчунун ийгилиги менен куттуктап, жаш балбанга жылуу каалоо тилектерин билдирип, машыктыруучусуна ыраазычылык кат, Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады.