10 сентябрь 2024

Кароолор: 14

АКСЫ: ИЗДӨӨ-КУТКАРУУ ИШТЕРИНЕ ПАЙДАЛАНУУЧУ ШАЙМАНДАР АЛЫНДЫ

Аксы району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө 257199 сомдук издөө-куткаруу иштерине керектелүүчү шаймандар сатылып алынды. 

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан атайын доолбор даярдалып, райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган, аталган муктаждык эске алынуу менен издөө-куткаруу иштерине пайдалануучу шаймандар сатылып алынып, бүгүн  тапшырылды.

Аталган шаймандарды тапшыруу иш-чарасына  райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, өздүк курамдын иштерине ийгиликтер кааланды.