11 июль 2024
Кароолор: 20
АКСЫ РАЙОНДУК АРДАГЕРЛЕР КЕҢЕШИНДЕ

Жакында Аксы райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Өмүрбеков жетектеген карыялар тобу Кара-Камыш айыл аймагынын ардагерлери менен Кара-Камыш көлүндөгү этно-туристтик жайында жолугушуу өткөрүп келдик.
Бул жолугушууну Кара-Суу айылдык ардагерлер кенешинин төрагасы Р. Барпиев бул жолугушууга айылдын аксакалы 86 жаштагы Шабданов Сатымбай баш болгон карыялар катышышты. Жолугушуунун жүрүшүңдө Аксы райондук ардагерлер кенешинин төрагасы А.Омурбеков райондун социалдык-экономикалык өнүктүрүү, Президентибиздин таалим-тарбия, адеп-ахлак, нарк-насил, ысырапкорчулук боюнча кабыл алган жарлыктарынын аткарылышынын жүрүшү, ардагерлердин ушул багытта жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө кеңири маалымат берди.
Ушул маселелер боюнча Кербен шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Э.Сатаев, Кара-Суу айылдык ардагерлер кеңешинин төрагасы Р.Барпиев, карыялар баалуу ой-пикирлери мененайтышты..
Айрыкча жаштарды эмгекке, мекенчилдикке, ынтымак-биримдикке тарбиялоо, жаратылышты коргоо иштерине өзгөчө маани беришти. Өлкөбүздөгү болуп жаткан алга жылуулар, мамлекетибиздин куч-кубаттуулугун, элибиздин жашоо деңгелинин жогорулашы, эмгек акы, пенсия-пособиялардын жогорулашы менен элибиздин өлкөбүздүн келечегине болгон ишениминин күндөн-кунгө артып бараткандыгын кеңири белгилешти жетекчилерге ак баталарын беришти.