20 март 2024
Кароолор: 39
Аксы районунда Нооруз майрамы өткөрүлдү

Бүгүн Кара-Камыш айыл аймагында Ыйык рамазан айында, жаркыраган жаз менен кошо келген Нооруз майрамы райондук деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.
Иш чарага Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким З.Б.Сыдыков, акимдин орун басары А.П.Салиева, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери, Кара-Камыш айыл аймагындагы билим берүү мекемелери, китепкана, айылдык маданият үйүнүн жамааттары, жергиликтүү тургундар катышышты.
Иш-чарада улуттук ат оюндар, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү жана райондук маданият бөлүмү тарабынан театралдаштырылган оюн-зоок, концерттик программалары менен коштолду.
Нооруз-жаңы башаттардын башталышы. Жазда өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр алып, дыйкандар кош айдап, үрөн сээп, түшүмдүүлүктүн көп болушун тилегендей биз да Нооруз майрамында элибизде ынтымак, биримдик болсун деп аруу каалоо-тилектерди тилейбиз. Ылайым ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин, бир туугандыктын сезими согуп турсун. Ушул ыйык күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин.
Ар бирибиз үчүн бул жыл ынтымактын, бекем ден-соолуктун, экономикалык өсүп-өнүгүүнүн, ийгиликтердин, ар тараптуу жетишкендиктердин жылы болсун.
Ниет кылып туткан орозоңуздар кабыл болсун!