29 март 2024

Кароолор: 16

Аксы районунда сугат мезгилине даярдыктар кызуу жүрүүдө

Аксы райондук суу чарба башкармалыгына караштуу Мамай скважинасында эскилиги жеткен темир трубалар жаны келген 500 м полиэтилен трубага алмаштыруу иштери журүүдө  

Район аймагында каналдарда насостук бекеттерде тазалоо, дарактарды бутоо, жаш көчөттөрдү отургузуу жана башка иштер кызуу жүрүп жатат  

Уч-Коргон айыл аймагынын Дейрес насостук бекетинин иш билги, кесипкөй жумушчулары өз күчтөрү менен тынымсыз эмгектенгендигинин натыйжасында ушул кунгө 1 км трубаны монтаждап бүткөрүштү.  

Райондук суу чарба башкармалыгына караштуу Желтийбес 1 насостук бекетинде жаны келген насостук агрегаттар орнотулуп, актоо, сырдоо , тазалоо жумуштары аткарылып 2024 сугат мезгилине даяр болду