02 апрель 2024

Кароолор: 177

Аксы районунун Ак-Суу айыл аймагындагы N12 Шеркулов Кадыркул атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу башталды

2024-жылдын 2-апрелинде Аксы районунун Ак-Суу айыл аймагындагы Коргон-Дөбө айылындагы N12 Шеркулов Кадыркул атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу башталып, капсула салуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О.Култаева, Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким З.Б.Сыдыков, Жалал-Абад областык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Т.Узенбаев, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.К.Нурманбетов, подрядчы "Найман ПМК" ЖЧКсынын башкы директору К.Ажыматов, Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.А.Сулайманкулов, К.Шеркулов мектебинин эмгек жамааты жана айыл тургундары катышып, курулуштун капсула салуу аземи болуп, курулуш иштеринин алгачкы кадамы башталды.

Курулуш, республикалык бюджеттен каржыланып жалпы сметалык баасы 87 335 494 сомду түзгөн.

Ошондой эле Ак-Суу айыл аймагынын маданият кызматкерлери тарабынан иш-чарага арналган чакан программадагы концерт тартууланды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты Г.О.Култаева жана аким З.Б.Сыдыков баштаган райондук мекеме жетекчилери менен элдин ортосунда айылдын ички маселелери тууралуу суроо жооптор болуп, сунуштар берилди.