26 январь 2026
Кароолор: 2
Аксы районунун акими М. Саргазаков Үч-Коргон айыл аймагынын тургундары менен жолугушту

Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы — аким Максатбек Саргазаков Үч-Коргон айыл аймагынын жашоочулары менен жеринде жолугушуу өткөрдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Кундузбек Сулайманов, райондук жетекчилер жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө аким аймакта аткарылып жаткан иштер, социалдык-экономикалык долбоорлор жана алдыдагы пландар боюнча кеңири маалымат берди. Ошондой эле, элдин көйгөйлөрүн угуп, суроолоруна жооп берди.
Негизги көтөрүлгөн маселелер:
Жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү;
Сугат суу жана таза суу менен камсыздоо;
Жолдорду оңдоо жана инфратүзүмдү жакшыртуу;
Социалдык мекемелердин абалы. ж.б ар түрдүү маселер каралды.
Жолугушуунун соңунда Максатбек Саргазаков ар бир көтөрүлгөн маселе көзөмөлгө алынарын жана тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилерин белгиледи. Эл менен түз байланыш — аймакты өнүктүрүүнүн башкы кадамы!