19 март 2024
Кароолор: 41
Аксы районунун тургундары менен жолугушуу өтүп, көйгөйлөрү угулду

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев, Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими З.Сыдыковдор Аксы районунун тургундары менен жолугушту.
Жыйында район тургундарына акыркы жылдары мамлекетте аткарылып жаткан ири реформалар, экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүүсү, коррупцияга каршы күрөшүү, чек ара көйгөйлөрүн чечүү, айлык маяналардын жогорулашы, социалдык камсыздоолордун жакшырышы боюнча маалымат берилди.
Жолугушуунун алкагында жергиликтүү тургундар аймактагы социалдык, инфраструктуралык маселелер жана жеке укуктук көйгөйлөрү менен кайрылышты.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бүгүнкү күндө президенттин жетекчилиги менен аткарылып жаткан жумуштардын баары элдин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатканын белгиледи. Ошондой эле Таш-Көмүр шаарындагы “Кристалл” жана цемент заводдору кайтарылганын, аларды эми мамлекет өзү иштетип баштаарын кошумчалады.
Каныбек Туманбаев мамлекет тарабынан Аксы районундагы социалдык маселелерди чечүүгө да өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты. Аларды ишке ашырууда элдин биримдүүлүгү башкы орунда экенин кошумчалып, ынтымактуулукка чакырды.