28 апрель 2024
Кароолор: 52
АКСЫДА 1500 ОКУУЧУ МАНАСТЫ ДАҢКТАШТЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Исандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө", "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы-"Манас" эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө"жарлыктарын турмушка ашыруу менен жаштарыбызды Улуу Манас атабыздын рухунда -духунда тарбиялоо максатында Манас айтуу боюнча кароо-сынак жарыяланган.
Бүгүн Аксы районунун Кербен шаарындагы борбордук спорт аянтында "Урааным Манас" аталышындагы Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынагынын алкагында 1500 окуучунун катышуусу менен Манас айтуу аземи болуп өттү. Манас айтуу салтанатын Аксы райондук мамлекттик администрациясынын башчысы-акими Замирбек Сыдыков райондо өтүп жаткан Манас айтуу күнү менен бул аземге катышкандарды куттуктап элибизди журтубузду Манас атанын арбагы колдоп, жар болуп элибизге, жерибизге тынччылык, бардам - бакубатчылык келсин, ар бир өсүп келе жаткан жаш муун Мастын руху менен чоңойсун деген аруу тилегин билдирип ачып берди. Сөзгө "Улуттук Манас"театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков чыгып, жаштарыбызды Манастын руху-духу менен тарбиялоо максатында жарыяланган кароо-сынактын маанисине токтолуу менен Аксылык манасчылардын республикада жаратып жаткан ийгиликтери менен куттуктап, жаш манасчыларга дем-күч жаратып, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнө жана жаш манасчыларды тарбиялап жаткан мугалимдерге терең ыраазычылык айтуу менен Манас айтуу аземине ийгиликтерди каалап кетти.
Андан сон 1500 окуучунун катышуусунда Манас айтылып, кезек жер- жерлердеги Манас айтуу боюнча конкурстардын жеңүүчүлөрү болгон мыкты Манасчылардын Манас айтуусу болуп, аларды аянттагы 1500 жаш манасчылар сүрөөнгө алып турушту. Салтанатка мекеме- ишканалардын жетекчилери, районубуздун ардактуу ак сакалдары, ак элечек энелери, келин кыздар катышып Манас атабыздын доорунан бери сакталып келе жаткан улуттук каада салттарыбыздын үлгүлөрүн көсөтүштү. Акырында Манас атанын ак батасы берилип, иш чара аяктады.
Жылдан жылга Манас айтуу майрамы өзгөчө шаң менен өтүп келе жаткандыгын белгилөөгө болот. Бүгүнкү Манас айтуу күнүн өткөрүүгө Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айсалкын Салиеванын, Кербен шаардык мэриясынын орун басары Эдил Артыкбаевдин жана өзгөчө Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн, мектеп директорлорунун эмгектери, уюштуруучулук иш аракеттери мыкты болгондугун атып кетпесек болбойт. Райондук практикалык дарыгерлер борбору, райондук ички иштер бөлүмү коопсуздукту камсыз кылышты. Ошентип Манас айтуу күнү өзгөчө шаң менен жыйынтыкталды.