17 май 2024
Кароолор: 51
АКСЫДА ЭНЕЛЕР КҮНҮ МАЙРАМЫ ӨЗГӨЧӨ ШАҢ МЕНЕН ӨТТҮ

Аксы районундагы Абдыкерим Алымов атындагы маданият сарайында энелердин күнүнө арналган чон майрамдык салтанат болуп өттү. Айыл аймактардан келген жеке ишкерлер, чеберлер, өнүктүрүү фондусунан 100 мин сомдон алган өз бизнесин өнүктүрүүдө иштеп жаткан энелер өз продукцияларын, азык- түлүктөрүн көргөзмөгө алып келишип, көргөзүштү. Эң мыкты тигилген буюмдарга, даярдалган кондитердик товарларга кардалдарда, кызыгып тажрыйба алмашкандар да көп болду. Кыз-келиндердин ичинен чыккан ишкерлердин көргөзмөсүнө Ак-Суу, Сары -Челек, Ак-Жол айыл аймактарынан жана Кербен шаардык мэриясынын аймагынан келген сапаттуу азык -түлүктөр, түркүн товарлар келгендердин көңүлүн өзүнө бурду. Өзгөчө Үч-Коргон айыл аймагынан келген жеке ишкерлердин, чеберлердин буюмдары келгендерди өзүнө тартып суктандырып жатты. Өлкөбүздүн экономикасынын өзүшүнө аз болсо да салымын кошуп жаткан энелерге алкыштан башка айтар сөз жок. Бүгүн энелердин жүзүндө майрамдык шаң, толкундануу, күлкү, шаттык ойноп турду. Мына ошонун өзүнөн эле элибиздин турмуш шарты жакшырып жатканын байкоо кыйын эмес.
Бүгүнкү салтанатка Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Замирбек Сыдыков, айыл өкмөт башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери келип катышып энелерге куттуктоолор менен каалоо тилектерин арнашып, энелер күнү майрамы менен куттукташты. Энелердин кучагын гүлгө толтурушуп белектерин беришти. Аксы райондук маданият үйүнүн жана Жеңиш Бекболотов атындагы, "Сейтек" билим берүү борборлорунун таланттары чакан програм мадагы концертин да тартуулашты.Салтанатты Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек синирген кызматкер, акын Нуркан Койчуманова алып барды.