15 сентябрь 2024
Кароолор: 18
АКСЫДА МАССАЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

Кечээ Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” №305 Жарлыгына негиз Аксы районунун аймагында массалык ишембилик өткөрүлдү. Кербен шаарынын аймагында ишембилик Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким З.Сыдыковдун, шаардын мэри Эрнист Зияйдинов жана мекеме ишканалардын (менчигинин түрүнө карабастан) жетекчилердин жана кызматкерлердин катышуусу менен ѳткѳрүлдү. Ишембиликте жол жээктери, эс алуу бактары, административдик имараттар, тазаланып, таштандылардан тазаланды. Чогулган таштандылар Кербен Тазалык жана Көрктөндүрүү муниципалдык ишканасы тарабынан ташылып чыгарылды.
Райондун аймагында ишембилик тиешелүү деңгээлде уюштурулуп, Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким З.Сыдыковдун көзөмөлүндө, бардык мекеме ишканалардын (менчигинин түрүнө карабастан) жетекчилердин жана кызматкерлердин катышуусу менен ѳттү . Ишембиликте жол жээктери, эс алуу бактары, административдик имараттар, корук, токой чарбалардын аймактары тазаланып, таштандылардан тазаланды. Иш-чарага 1000ден ашуун адамдар катышып, 22,4 га жер аянты тазаланды, бул иш-чара бир жумага чейин улантылат.