07 июль 2024
Кароолор: 29
АКСЫДА МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен Аксы райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-акиминин орун басары Айсалкын Салиеванын куттуктоосу менен башталды. Медайымдарга ардак грамоталар тапшырылып, ар бир бөлүмдѳ талыкпай эмгектенген адистер сыйлыктарга ээ болушту.
Районубуздун акимдин орун басары медайымдарга мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулуп, айлыктар көтөрүлүп жаткандыгы, ошол эле учурда мамлекеттик саясатты колдоо жана ишке ашыруу максатында райондук өнүктүрүү фонду, жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жана эл аралык демөөрчүлөрдү тартуу менен бир топ алгылыктуу аракеттер көрүлүп, шарттар түзүлүп жаткандыгын айтып өттү. Ушундай иш аракеттердин натыйжасында медицина өкүлдөрүнүн жумушка болгон кызыгуусу артып жатканын белгилеп, мындан аркы иштерине ийгилик каалады.