26 апрель 2024
Кароолор: 37
Аксыда “Токтазан” алтын кени боюнча коомдук угуу болуп өттү

2024-жылдын 26-апрелинде Аксы районунуна караштуу Ак-Жол айыл аймагындагы Ак-Жол маданият үйүндө “Токтазан” алтын кени боюнча коомдук угуу болуп өттү. Жыйынга Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким З. Сыдыков, Аксы районунун прокурору М. Сооронкулов, райондук мекеме ишкана жетекчилери, “Ориел Голд” компаниясынын өкүлдөрү, Ак-Жол айыл аймагынын Кызыл-Бейит, Разан, Күрп-Сай жана башка айылдарынын тургундары жалпы 100-130дай жаран катышты.
Коомдук угууда “Ориел Голд” компаниясы тарабынан Токтазан алтын кени боюнча атайын слайд даярдалып коомдук угуунун катышуучуларына көрсөтүлдү. Жыйында катышуучулар тарабынан “Ориел Голд” компаниясына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына суроолор берилип протоколдук тапшырмалар берилди, ошондой эле жыйындын катышуучулары тарабынан “Ориел Голд” компаниясына Токтазан кенин иштетүүдө жергиликтүү тургундарга каралган социалдык пакетти карап чыгуу боюнча сунуштар берилди.