29 декабрь 2024

Кароолор: 14

АКСЫДА ВОЛЕЙБОЛ ФЕДЕРАЦИЯСЫ АЧЫЛДЫ

Аксы районунда 2024-жылды узатаар мезгилде дагы бир   иш чара болду. Кыргыз Республикасынын  Президентинин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын аткарууда райондогу спорттук иштерди күчөтүү максатында Аксы райондук волейбол федерациясынын ачылуу салтанаттуу аземи Ж.Мавлянов атындагы  орто мектебинин спорт сарайында    болду.

Салтанатка волейбол оюнунун ардагерлери, республиканын Аксы курама тобу, мектептер дин спорттук балдар жана кыздар спорттук топтору,  М. Абылкасымов атындагы райондук элге билим берүү бөлүмүнүн жамааты, Жалал-Абад областтык спорттук комитеттин өкүлдөрү, Кыргызстан волейбол федерациясы нын төрагасы Улан Момунов  жана  спортту сүйгөн, урматтаган, жаш спортчуларды сыйлаган интеллегенция өкүлдөрү катышты жана каалоо -тилектерин айтуу менен волейбол боюнча мелдеш башталды.  

"Спорт- дүйнөнүн элчиси" дегендей , өспүрүмдөрүбүздөн өлкөбүздүн желегин дүйнө кыдырта желбиретип жүрүүсүнө ишеним менен ийгилик каалайбыз.

Бул иш чараны өткөрүү боюнча демилгечи -       Барпиев атындагы мектептин директору Марат Өмүрбеков болду.