22 июнь 2024

Кароолор: 30

АКСЫДА ЖАЙКЫ ТУРИСТТИК СЕЗОН АЧЫЛДЫ

 Аксы районунун Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Кара-Камыш жайлоосунда “Жашыл Аксы өрөөнү” аталышындагы форум өтүп, жайкы туристтик сезон ачылды.       Туристтик сезондун ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, коңшу Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунан келген делегация, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чарада кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлуп, этно көргөзмө, улуттук оюн-зоок жана ыр-бийлер менен коштолду. Облус башчысынын орун басары туристтик форум жемиштүү жана ийгиликтүү болуусун каалап, Жалал-Абад облусу туризм багыты боюнча потенциялы жогору жана жаратылышы кооз аймактардын экенин белгиледи.

Аксы районунун аким Замирбек Сыдыков өткөн жылда районго 40 миңден ашык турист келгендигин белгиледи. Бирок бул чек эмес экендигин айтып дагы алдыда  турситтер үчүн жакшы шарттар жараларын, Итагар, Бурана, Балтыркан сыяктуу керемет жайларда туристтер көрө турган жайлар арбын экендигин белгиледи.

 

Саамалыкта Аксы районунунда орун алган туристтик жайлардын шарттарын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине сунушталган долбоор колдоого алынып, 9 млн 600 миң сом акча каражаты бөлүнгөнү маалымдалды. Аталган каражатка Кара-Камыш көлүнүн жээгине туристтер үчүн 29 боз үй тигилген.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Жалал-Абад облусуна 265 миңден ашуун турист келген. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 92 миң адамга көп.