17 октябрь 2024
Кароолор: 21
АКСЫДА ЖАШТАРДЫН БИР АЙЛЫГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы №15 токтомуна ылайык, 10-ноябрь “Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө” карата райондун аймагында өсүп келе жаткан жаш муунду колдоо максатында 2024-жылдын 17-октябрынан 17-ноябрына чейин бир айлык акция жарыяланды.
Акциянын алкагында атайын биргелешкен иш-чаралар планы иштелип чыгып, бир ай ичинде район аймагында илимий-конференциялар, спорттук мелдештер, массалык маданий иш-чаралар, тазалык акциялары, вело жүрүш, жаштар үчүн атайын ачылыштар болуп, өсүп келе жаткан жаштарды ар тараптуу өнүктүрүү максатында көптөгөн иш-чаралар өткөрүлмөкчү.
Иш-чара райондук мамлекеттик администрация тарабынан демилгеленип, райондук маданият бөлүмү, балдар, өспүрүмдөр спорт мектеби, спорт комитети, райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте ишке ашырылат.