07 июль 2024

Кароолор: 25

АКСЫЛЫК АЛТЫН СЕРТИФИКАТ ЭЭСИ

Аксы районундагы Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылындагы  А.Жаныбеков атындагы орто мектебинин  окуучусу Жумадил Ниязбеков  2023-2024- окуу жылында  ЖРТ сынагында 229 баллга ээ болду. Бул кубанычтуу кабар көп адамдардын алкоосуна ээ болуп турган учуру. Жумадил республикадагы эн алдыңкы 56 бүтүрүүчүнүн бири болду.   Билим берген мугалимдери азаматсыздар! Мындай ийгиликтер дагы арбын болсун.