07 июль 2024

Кароолор: 23

АКСЫЛЫКТАР БИРИНЧИ ОРУНДУ АЛДЫ

Мектеп окуучуларынын арасында “Манас таануу интелектууалдык теле таймашы” көптөн бери өтөп келет. Бул таймаш келечек муунадарыбызга  Улуу Манас атабыздын, ошонгу менен эле Кыргыз элинин көөнө тарыхын, басып төкөн жолун үйрөтүүдө баа жеткис салым кошуп келет. Бул таймашка катышкан Кербен шаарындагы  Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин "Арууке" тобу  республикалык таймашта1-орунду камсыз кылды. Мектептин эң мыкты окуган, Манас атабыздын басып өткөн жолун эң мыкты билген окуучулары  Айсанам Эрмаматова, Мирбек Мусурман кулов, Мадина Базаралиева теле таймашта мыкты билим алгандыгын далилдешти жана коюлган суроолорго так , таамай жоопторду беришип, көп бал топтошкон. Окуучуларды даярдаган мектептин чыгаан мугалими Жаңыл Масалова көп күч-аракетин, эмгегин, чыгармачылык жөндөмүн жумшаган. Аракети текке кеткен жок, окуучулары эн мыкты катышышты. Биз силер менен сыймыктанабыз. Мелдештин жеңүүчүлөрү Манас таануу театрынын Ардак грамоталары, рюкзак, ноутбуктар менен сыйланышты. Мындай сыйлыкка даярдаган устат- эжекеси Жаңыл Масалова да татыктуу болду.