23 июнь 2024
Кароолор: 28
АКСЫНЫ АЙЛАНЫП КУРСАНТ БОЛДУК (Өзбекстандык туугандар жазышат)

Наманган облусунун делегациясы Кыргызстанда иш сапары менен болуп кайтты. Президент Шавкат Мирзиёев 25-26-мартта Наманган облусуна болгон иш сапарынын алкагында эки облустун Янги-Курган жана Аксы райондорун бириктирген Кербен чек ара заставасын ачуу тапшырмасын берген. Учурда бул процесс кызуу жүрүп жатат. Наманган облусундагы Аксикент археологиялык паркынын директору Анвар Икром баштаган туристтик ишкерлерден, туроператорлордон жана мейманкана ээлеринен турган делегацияны Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Замирбек Сыдыков баштаган расмий өкүлдөр тосуп алышты.
Алгачкы багыт Сафед-Булон айылындагы Шах Фазил тарыхый этнографиялык комплексине болду. Андан соң Аксы районундагы жаратылыштын белеги болгон Кашка-Суу улуттук коругуна – Падыша –Ата ыйык жайына, Кашка-Суу капчыгайына зыяраттар болду. Ыйык жайларда Куран окудук.
Миңдеген гектар аянтка жайылган бул эко-регион өзүнүн уникалдуу өсүмдүктөрү, алп пихталары жана эң башкысы Падыша-Ата ыйык мазары, көк кашка тунук Кашка-Суу суусу менен белгилүү. Делегациянын өкүлдөрү мына ушул кооз жайларга зыяраттарды кылып эс алышып, пикир алышып, эки элдин достук бир туугандык байланыштары чыңдала беришине тилек кылышты. Эртеси күнү Кара-Камыш көлүндө болуп экотуризм сезонунун Аксы районунуда ачылышынын салтанаттуу аземине катыштык. Бул өтө эсте каларлык саякат болду деп айтууга болот. Кыргыз республикасынын президентинин Жалал-Абада облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков өзү келип катышып кеткени эки элдин достугунун чындалып жатышынын далили катары кабыл алдык.
Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргызстан Намангандын негизги туризм өнөктөшү болуп саналат жана өткөн айда 63-Эл аралык гүл фестивалына 150 миңден ашуун кыргызстандык бир туугандар келген.
«Эки боордош өлкөнүн ортосундагы мамилелердин бардык тармактарда ырааттуу өнүгүшү эки тарап үчүн тең пайдалуу. Айрыкча туризм эч кимге окшобой өнүгөт. Кеңсай жана Кербен постторунун ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Өзбекстандан Кербен постунан өткөндө эле Аксы районунун аэропортуна туш болосуң. Бул аба дарбазасы аркылуу Кыргызстандын каалаган чекитине учууга болот. “Намангандан туризм боюнча үйрөнө турган көп нерсебиз бар. Эл аралык гүл фестивалы гана сиздердин шаарыңызды дүйнөгө таанытты», - деп билдирди Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков жана Ахсикент шаарынын археологиялык паркынын директору Анвар Икромлар туризм форумун аяылышында чыгып сүйлөшүп.
Наманган облусунун туристтик потенциалы тууралуу Наманган облусунун туризм департамен тинин башчысы Азизбек Охунжанов баяндама жасады. Туроператорлор жергиликтүү өнөктөштөрү менен V2V жолугушууларын өткөрүштү.
Аксы районунун акиминин аппарат башчысы Мирлан Сагынбаев облустун мүмкүнчүлүктөрү, туризмди өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, делегация мүчөлөрүн туристтик жайларды кыдырууга чакырды. Форумдун экинчи практикалык бөлүгүндө ондогон кызыктуу жерлерге жана туристтик борборлордо болдук жана бул бизге кубаныч тартуулады.
Наманган облусунун туризм департаментинин
Басма сөз кызматы