11 январь 2025

Кароолор: 29

АКСЫНЫН КЕЛЕЧЕКТЕРИН КУТТУКТАЙБЫЗ!

“Кубанычымда чек жок. Бизди куттуктай берсеңер болот. Жаратканга чексиз шүгүрлөр болсун! Балдарым Америкада эл аралык олимпиададан байгелүү орундарды алышты. Биринчи турда дагы алтын, күмүш алып Америкага жолдомо алышты эле. Кудайым насип кылып мынтип бул жакта дагы жеңиш менен кайтып жатабыз” деп Амекикадан кат жазат, жердешибиз, Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, ырчы, аткаруучу кызыбыз Айпери Кулбаева.

         Айперинин кубанычына биз да кошулуп, куттуктайбыз! Айперинимн эки уулу Америкада жыл сайын өтүүчү “Nasa” мектеп окуучуларынын чыгармачылык конкурсуна катышып баш байгеге ээ болушкан.