26 июнь 2024

Кароолор: 20

АКСЫНЫН СЫЙМЫГЫ ЖУМАДИЛ БОЛДУ

 Жыл өткөн сайын окуучулардын терең билим алуусуна  Президентибиз Садыр Жапаров, Кыргыз республикасынын министрлер кабинети өзгөчө маани берип, мектептер үчүн айтып бүтпөгөндөй көнүл буруп келет. Атап айтканда Аксы районунда эле өткөн эки жылда онго жакын мектеп жаңыдан курулуп жыл сайын 4-5 тен мектеп пайдаланууга берилип жатышы эле, бул Аксынын тарыхында болбогон иш. Бул ишке Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өзгөчө маани берип жатканы да кубанарлык көрүнүш. Аксыдагы курулуп жаткан мектептерди Аксыдан шайланган депутаттар да, жеке көзөмөлүнө алып жатканын белгилеп кетишибиз керек. 

        Учурда жалпы республикалык тесттен Аксы районунан теске катышкан   966 окуучудан 6 окуучу 200 балдан ашыра бал алган болсо, анын ичинен Асанбек Жаныбеков атындагы орто мектептин өткөн окуу жылында аяктаган бүтүрүүчүсү Жумадил Ныязбеков 229 бал менен “Алтын сертификаттын ” ээси болгону Аксынын сыймыгы  болду деп айтсак жаңылышкандык болбойт. Область боюнча 4 окуучу  “Алтын сертификаттын ” ээси болсо анын бири Аксы районунан болгону да кубанычтуу. Жалпы республикалык тесте негизинен жакшы бал алуу боюнча көрсөткүч жылдан жылга райондо  өсүп жаткандыгы кубандырат. Быйылкы жылда орточо бал алуунун пайызы 121 балга айлданды.