05 июнь 2024

Кароолор: 18

“АКЫЙКАТТАН” КАТ

“Акыйкат” гезитинин кабарчысы Түрксой Эл аралык уюму тарабынан сыйланды.

Журналист, жазуучу, акын  Абдымомун Калбаев Түрксой уюмунун төш белгиси жана Ардак грамотасы менен сыйланды. Ал бул сыйлыктарга түрк тилдүү өлкөлөрдүн адабиятына кошкон салымдары үчүн жетишти.

Абдымомун Калбаевдын жазган чыгармалары беш чет элдик адабият беттерине жарыяланган. Тактап айтканда орус, азербайжан, түрк, казак жана өзбек тилдерине которулган.  Өзбекстандын “Жахон адабияти” (дүйнөлүк адабият) журналына, Казактардын “Таң шолпан” журналына, Азерлердин “Каспий” адабий журналына, Түркиядан чыккан “Кыргыз жазуучуларынын антологиясы” китебине чыккан. Бул эмгектерин баалоо башкы катчы Султан Раев тарабынан демилгеленген. Сыйлыкты Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына карата өкөн илимий-практикалык конференцида Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев менен Түрксой эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев тапшырды. Биз калемдешибизди куттуктайбыз!

“Акыйкат” газетасынын чыгармачылык жамааты