10 сентябрь 2024
Кароолор: 15
АКЫН ЭЖЕКЕ ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫККА ТАТЫКТУУ БОЛДУ

Турдубүбү Кубатбекова Асанбек Кабаев атындагы орто мектепте эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан. Таланттуу акын эжеке эс алууда жүргөндө чыгармачылык менен алектенип үч ырлар жыйнагын чыгарып, бир нече баалуу сыйлыктардын ээси болуп келген. Бүгүн Казакстандан кубанычтуу кабар келип маанайы жарыкп турган учуру. Казакстан жарыялаган Аль - Фараби атындагы адабий конкурска катышып, аталган сыйлыктын лауреаты болду. Биз Турдубүбү Кубатбекова эл аралык сыйлыкка татыктуу болушу менен куттуктап чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.