23 апрель 2024

Кароолор: 29

АКЫН-ЖАЗУУЧУ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

       Бүгүн Аксы райондук китепканасында президенттин "Улуттук нарк" жарлыгынын алкагында  "Дүйнөлүк китептер жана автордук укук" күнүнө арналып Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, акын -жазуучу Абдымомун Калбаев менен китеп окурмандардын жолугушуусу болуп өттү.

 Жолгушуунун жүрүшүндө акы-жазуучунун китептеринин көргөзмөсү уюшулуп, чыгармачылыгы жөнүндө кеңири сөз болду. Жолугушууну ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Аксы райондук китепканасынын директору Анара Акулова, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айсалкын Салиева, Аксы, Ала -Бука, Чаткал райондорундагы этностор аралык мамлилелер боюнча башкы адиси Дамира Абдылдаева акын Абдымомун Калбаевдин чыгармачылыгы тууралуу кеңири сөз кылып айтып беришти. Салтанатты жаш Манасчы Айбийке Темиркулова Манас эпосунан  " Манастын Көкөтөйдүн ашына барышы" деген жеринен үзүндү айтып окурмандардын бүйүрүн кызытты. Акындын чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу баяндар, ырларынан көркөм окуулар болуп окуучулар шаңдуу аткарып беришти. Белгилүү обончу-аткаруучулар Сапаралы Түгөлбаев, Алмазбек Ибраимов акындын сөзүнө жазылган обондуу ырларын аткарышты. 

        Жолугушууда акын-жазуучу Абдымомун Калбаевга сөз берилип, чыгармачылык жолу, айрым китептеринин жазылыш  тарыхы тууралуу кеңири сөз кылып айтып берип, жаңы жазган ырларынан окуп берди. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Манас эпосунун жаңы жарык көргөн үч илтик китеби тууралуу, жана китепканага жаңы келген китептер тууралуу кеңири сөз болду. Жолугушуу ыр, көркөм окуулар менен көркүнө чыгып турду. Жолугушуунун акырында акын-жазуучу Абдымомун Калбаев окурмандарга, китепкананын эмгек жамаатына  терең ыраазычылык билдирди, жеке чыгармачылыгы менен өзгөчөлөнгөн жаштарга, обончу- аткаруучуларга өзүнүн жаңы чыккан "Токтогул ажынын нарк-нускасы, насааттары" аттуу китебин белекке берип, ийгиликтерди каалады. Жолугушуу кызыктуу жана көп кырдуу өттү.