21 октябрь 2024
Кароолор: 16
АКЫНДЫН КИТЕБИ “АК ЧОКУ”, АКМАТТЫ БИЛЕМ ДЕСЕҢ АНДА ОКУ

Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, кесбиби боюнча дарыгер Акмат Боробаевдин али сыясы кургай элек китеби колубузга тийип, аксылык ыр ышкыбоздорун кубанычка бөлөп турган чагы. Акындын “Ак чоку” бир томдук ырлар тандалмалуу жыйнагы Кыргыз эл акыны Карбалас Бакировдун ак батасы менен Бишкек-шаарындагы “Мега формат” басмасынан 500 нускада 460 беттүү көлөмдүү китеби басылып чыкты. Китептин ат эле айтып тургандай акындын чыгармачылык күч кубатка толуп турган чагында, чыгармачылыктын ак чокусуна чыгып, ак мөнгүдөй тунук,таза, окуганда көңүлгө уюп калчу саптары менен элине ыр сунуп турган чагы.
Аксын Акматбек Боробаенв буга чейин “Арча жыттуу айылым”, “Ай туяк”, “Жорго саптар”, “Жер эне” аттуу ырлар жыйнактары чыгып окурман журтуна белгилүү болуп калган акын. Кыргыз республикасынын эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын “Жоомарт Бөкөнбаев ” атындагыадабий сыйлыгынын лауреаты, Кыргызстан жазуучулар союзунун Ардак Грамотасы менен да сыйланган.
“Хан Манас, Чыңгыз аганы,
Кыпкызыл Кыргыз туум дейм.
Менменсинген көп элден,
Менин да элим Улуу дейм” деген атуулудук бийик сезимдерге толгон бул китепти алып окусаңыз өкүттө калбайсыз. Акындынч ыгармачылык дарамети канчалык экендигин Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров таамай таасын келтириптир. Таланттуу акын агабызды жаңы китеби менен чын дилден куттуктап, чыгшармачылык ийгипликтерди каалайбыз.