25 декабрь 2024

Кароолор: 13

АКЫСЫНЫН КЫЗЫ ЭЛ АРАЛЫК АРДАК ГРАМОТА АЛДЫ

Аксы районундагы   Аркыт   орто мектебинин 5-классынын окуучусу Айнур Токторбаева 2024- жылдын 21-24-августунда өткөн, дүйнөдөгү жүздөгөн өлкөлөрдүн окуучулары катышкан Эл аралык олимпиадага ийгиликтүү катышып, "Мыкты сүйлөө чеберчилиги" боюнча Малайзия Билим берүү министрлигинин   Ардак грамотасына  ээ болду.

Бул олимпиада 2022- жылдан бери ар эки жылда өткөрүлүп келет. Айнурдун эжекеси Гүлнур Абдылдаева Малайзиядағы Jalan Empat Улуттук мектебинин мугалимдери менен 2022-жылдан бери онлайн режиминде тыгыз кызматташып келет. Жалпыбызды кубанткан ийгилигиңер куттуу болсун, аркыттыктар!